• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сейрек учуроочу жапайы келгин куштардын саны көбөйүүдө - сүрөттөр

Коом 0

Бишкек, 29.11.18 /Кабар/. Кыргызстанда келгин куштардын сейрек түрлөрүнүн көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Соң-Көл, Чатыр-Көл көлдөрүнүн жана Ысык-Көл биосфералык аймагында коюлган фотокапкандардан алынган сүрөттөрдө көрүнгөндөй, ал аймактарда сейрек учуроочу канатуулардын дээрлик баары кезигет. Белгилей кетсек, жыл сайын Кыргызстанга сейрек кездешүүчү жапайы келгин куштардын 350 түрү учуп келет.

Учурда Ысык-Көлдө кызыл китепке киргизилген фламингону көрүүгө болот. Алардын саны 20га жетүүдө. Негизинен фламинго Африка, Кавказ (Азербайжан), Түштүк-Чыгыш жана Бобордук Азия, ошондой эле Түштүк жана Бобордук Американы байырлайт.

Ошондой эле ал аймакта кызыл китепке кирген куркулдак куу, каркыра, шакылдак карабаш, жапайы өрдөк-каздар, бүркүттөр жана башка канаттуулар бар.

Пикир

Оставить комментарий