• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда сентябрдын башынан тарта күйүүчү май орточо 3%га кымбаттаган

Экономика 0

Бишкек, 02.11.17. /Кабар/. Сентябрдын башынан тарта Кыргызстандын май куюучу жайларында күйүүчү май орточо 3%га кымбаттаган. Бул тууралуу өлкөнүн монополияга каршы органынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бул Россиянын нефть иштетүүчү заводдорундагы оңдоо иштерине, ошондой эле Россияда КММга суроо-талаптын өсүшү менен шартталат”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан нефтетрейдерлеринин маалыматы боюнча россиялык заводдордо июлдан сентябрга чейинки дүң-чекене баа 92, 95 жана ДТ майларына орточо 5%га өскөн.

Мамлекеттик статистика Федералдык кызматынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын башынан тарта КММ 13%га, сентябрда августка салыштырмалуу 2%га жогорулаган.

Белгилей кетсек, республиканын нефтетрейдерлери өлкөнү КММ менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантууда.

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү КММга болгон үстүбүздөгү жылдын 27-октябрына карата орточо салыштырмалуу баасы л/сом.

Пикир

Оставить комментарий