• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт - Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. 10-11-апрелде Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -5…-7° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, тоо этектеринде -2…-4° үшүк, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Ошондой эле 11-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

Пикир

Оставить комментарий