• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда шайлоо уюшкандыкта өттү – Мадумаров

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда шайлоо уюшкандыкта жана ачык-айкын өттү. Бул тууралуу вице-премьер-министр, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону жогорку деңгээлде, белгиленген тартипте өткөрдү.

"Аймактардагы 2 миң 430 участкалык комиссиялар ишин аяктады. Батыш тараптагы өлкөлөрдө дагы эле убакыттын айырмасынан улам шайлоо жүрүүдө. Ал эми өкмөт бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап, БШКга ар тараптуу көмөк көрсөттү", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо кечки саат 20:00дө жыйынтыкталды. Ага жалпы 16 саясий партия катышты.

Пикир

Оставить комментарий