• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда шайлоо жана референдум алдындагы «жымжырттык күнү» орун алды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. КРнын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мезгили аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда, башкача айтканда 2021-жылы 10-апрелде саат 8:00 дө токтотулат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынын сыртына жайгаштырылган үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, жарнак такталары жана башка материалдар) шайлоо күнү ошол ордунда сакталат.

Талапкерлердин жана партиялардын бардык каржылык операциялары, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүүлөр добуш берүүгө бир күн алдын кечки саат 18де, башкача айтканда 10-апрелде токтотулат.

Мыйзамсыз үгүт иштери болгон учурда мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эртең, 2021-жылы 11-апрелде КРнын 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий