• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда шайлоо жана референдум эл аралык укуктук принциптерге ылайык өтүүдө — байкоочу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдум эл аралык укуктук принциптерге ылайык өтүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Россиядан келген эл аралык байкоочулар миссиясынын төрайымы Елена Бабченкова билдирди.

Бабченкова байкоочулар миссиясынын өкүлдөр эртеден бери шайлоо процессине байкоо жүргүзүп жатканын айтат.

“Шайлоо процессинин ачык-айкындыгын белгилегим келип жатат. Биз болгон шайлоо тилкелеринин бардыгында партиялардын өкүлдөрү бар. Бул жакшы, анткени ар бир тилкеде 7-10 байкоочу болушу мыйзам бузууга алып барбайт”, - дейт ал.

Төрайым Кыргызстандагы шайлоочуларды аныктоочу система Россияда да жок экендигин белгиледи.

“Мындай системада шайлоочунун ордуна башка бирөө добуш бере албайт. Ошондой эле электрондук урналардын жардамы менен добуштарды саноодо эч кандай бузуулар катталбайт. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдум эл аралык укуктук принциптерге ылайык өтүүдө”, - деди ал.

Дагы бир байкоочу Александр Закускин бюллетендер кыргыз жана орус тилинде чыкканын айтып өттү.

“Эки тилде болушу маанилүү. Анткени Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Добуш берүүдө тил жагынан кыйынчылык болбошу керек”, - деп билдирди Закускин.

Пикир

Оставить комментарий