• 84.8
  • 95.69
  • 1.15

Кыргызстанда шамал турбиналарын куруу потенциалы кандай?

Аналитика 0

Президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифи өзгөрүлбөсө, эмдиги жылы Токтогул суу сактагычы иштебей токтоп каларын айтып чыккан. Андай болгондо өлкө электр энергиясыз калып, баягы тезек термей, чырак жакмай жашоого кайтып барышыбыз мүмкүн экендиги айтылган.

Мындан улам электр энергияны өндүрүү үчүн альтернативдүү ыкма катары шамал турбиналарын (шамал менен иштеген электргенераторлор) курууда өлкөнүн мүмкүнчүлүгү кандай экендиги көптү кызыктырат.

Энергетика тармагындагы адис Жаныбек Оморов шамал энергетикасы Кыргызстанда бир аз да болсо изилденип, потенциалдары аныкталганын айтат.

“Бирок толук маалымат алына элек. Аны менен бирге шамалдын бөтөнчөлүгү бар экендигин эске алыш керек. Ага бардык жерлер ыңгайлуу боло бербейт. Шамал турбиналарын куруу үчүн мамлекет инвестициялык климат түзүп, тариф саясатын туура жүргүзүшү керек. Өндүрүлгөн электр энергия ички рынокко кете турган болсо, жогоруда айткандай, тариф маселеси туура чечилиши кажет. Сырткы рынокко “CASA-1000” долбоору сыяктуу алып чыгуу зарыл”, - дейт Оморов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинен билдиришкендей, өлкө аймагында катуу шамалдын көп кайталануучу аймактары катары Балыкчы шаарынын аймагы эсептелет. Балыкчы шаарында бир жыл ичинде катуу шамалдын байкалышы орточо эсеп менен 150-160 учурду түзөт. Анын ичинен 90 пайызы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал, секундасына 21-24 метрге жеткен шамал 7 пайызды, секундасына 25 метрден жогору 3 пайзыды түзөт. Айрым учурларда анын күчү 30-34 метрге жеткен катуу шамалдар катталат.

Ал эми аймактар боюнча алганда:

- Ысык-Көл облусунда: Чолпон-Ата, Каракол, Түп, Жети-Өгүздө шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-15 метр, айрым учурларда 25-28 метрге жетет;
- Чүй облусунда: Бишкек, Кара-Балта, Токмокто шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-15 метр, айрым учурларда 30 метрге жетет;
- Талас облусунда: Талас шаарында жана Кара-Буурада шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-15 метр, айрым учурларда 30 метрге жетет;
- Нарын облусунда: Нарын шаарында, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Кара-Кужурда шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-15 метр, айрым учурларда 28-30 метрге жетет;
- Жалал-Абад облусунда: Жалал-Абад шаарында, Чычкан, Чаткал, Аксыда шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-15 метр;
- Ош облусунда: Ош шаарында, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Алайда шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-15 метр, айрым учурларда 21-25 метрге жетет;
- Баткен облусунда: Баткен шаарында жана Лейлекте шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-15 метр, айрым учурларда 25-28 метрге жетет.

Публицист, аналитик Мусуркул Кабылбеков шамал генератору кымбат долбоор экендигин белгилейт.

“Ага карабастан энергетиктердин “Жашыл миллиард” программасында ал каралган деп ойлойм. Буларды инвесторлор кылышы керек. Мамлекеттин алдыңкы 5 жылда шамал турбиналарды курууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткени бүгүнкү күндө гидроэлектростанция өтө оор абалда. Ошондой эле сырткы донорлордун алдында карызыбыз бар. Жогорулатылган тарифтен түшкөн каражаттар гидроэнергетикага жумшалат”, - деди ал.

Кабылбеков бул тармак Борбор Азияда жаңыдан өнүгө баштаганын, Казакстандагы шамал турбиналарды дагы мамлекет эмес, жеке компаниялар тургузганын маалымдады.

Ал эми Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова мамлекеттин ал турбиналарды курууга толук мүмкүнчүлүгү бар жана эртең эле кура алат деген пикирде.

“Дүйнө жүзүндө альтернативдүү энергиянын түрлөрүн өнүктүрүү боюнча бир топ мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан үчүн бул актуалдуу. Биз бир гана ири ГЭСтерди карабастан шамалдын, күндүн күчү менен электр энергияны колдонгонго бет алышыбыз кажет. Технологиялар келе элек, кымбат, бизде жок деп коркпош керек. Азыр технологиянын баары эле келген, керек болсо башка жактан ташып келгенге биздеги ишкерлердин күчү жетет. Мыйзам тарабынан аларга жеңилдиктер түзүлүп берилсе чоң өнүгүүгө алып келиши мүмкүн”, - деп айтат менеджер.

Абдырасулова кошумчалагандай, мамлекет инвесторлорду кызыктыруу үчүн аракеттерди көрүшү керек.

“Коңшу Казакстан 2 жылдын ичинде кубаттуулугу 200 МВт күн электр станциясын курду. Өзбекстан дагы кубаттуулугу 200 МВт чейин станция курганы жатат. Өкмөт инвесторлорго кепилдик түзүп, анын пайдалуулугун көрсөтсө, алар каражатын жумшаганга кызыкдар болот эле. Кыргызстандын рельефи тоолуу болгондуктан чоң трубиналарды эмес, кубаттуулугу аз трубиналарды орнотсо болот. Бирок анын тарифи кымбат болот. Ал боюнча бизде атайын мыйзам бар. Ар бир булактарга атайын коэффициент коюлган. Мындай электр энергиянын түрлөрүн өнүктүргөнгө шык берүү, инвесторлорду кызыктыруу жана өзүн-өзү тез актоосу үчүн тарифи кымбат болот”, - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров электр энергиянын тарифин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 74 тыйын, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн 1 сом 04 тыйын жана жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн 1 сом 48 тыйындан сунуштаган. Буга чейинки 700 кВт саат лимитти алып салуу каралууда.

Ошондой эле жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин энергия натыйжалуулугун жана калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзат Коконбаеванын айтуусуна караганда, Кыргызстанда турбиналарды, анын ичинде шамал турбиналарын чыгарган завод курулган эмес.

“Бизде “Унаа курулуш” ишканасы суу турбиналарын өндүрөт, бирок учурда иштеп жаткан ГЭСтер үчүн турбиналар чет мамлекеттерден алып келинет. Мамлекет тарабынан шамал турбиналарын өндүрүүгө конкреттүү чаралар көрүлгөн эмес. Себеби буга чейин шамал станцияларын куруу каралган эмес, суроо-талап жок. Аны куруп, чет өлкөгө экспорттоого Кыргызстан үчүн эртелик кылат, тийиштүү адистер жана эл аралык стандартка жооп берүүчү шарттар жана башка сыяктуу көйгөйлөр бар. Бул тууралуу эсептөөлөрдү мүмкүн кызыкдар тараптар эсептеп чыккандыр, бизде толук маалымат жок”, - деп маалымдады адис.

Ага карабастан Коконбаева шамал электр станциясын куруу боюнча кызыкдар тарап, инвесторлор бар экендигине токтолду.

“Бул багытта изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок шамал турбиналарын өндүрүү иш-чаралары жок жана сунуштар да түшкөн эмес. Учурда мамлекет тарабынан ата-мекендик жана чет элдик ишкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Мамлекет бул тараптан өнүгүү үчүн шарттарды түзүп бере алат. Эгер каалоочу ишкерлер чыкса, эмнеге болбосун, энергетика тармагында кайра жаралуучу булактарды, анын ичинде ветропарктарды курууга, өндүрүүгө мамлекет кызыкдар болуш керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Адил Төлөгөнов

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий