• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда «SilkWay» индустриалдык паркы пайда болот. Абылгазиев капсула салуу аземине катышты

Коом 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленинский айылында «SilkWay» индустриалдык паркынын түптөлүшүнө капсула салуу аземине катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, дүйнөлүк тенденция жана өнөр-жай чөйрөсүнүн өнүгүүсү жаңы жогорку технологиялуу, коомго ыйгайлаштырылган өнөр жай кластерлерин түзүүнү талап кылууда. Өкмөттүн жеңил өнөр-жайды өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун максатында «ALPHA CARGO», «Opal Mining Co.Ltd YbHD Logistic Group» жана «Saphire Artstone Group» компаниялары индустриалдык парк түзүү чечимин кабыл алышкан.

Аталган жай эл аралык “Манас” аэропортуна жакын жерге салынат. «SilkWay» паркынын аймагында негизги алты сектор жайгашат. Алар:

  • Административдик – ишкер жайы;
  • Бажы – логистикалык терминал;
  • Ири траспортторго кызмат көрсөтүү борбору;
  • Өнөр-жай жана административдик – коммуналдык тургузуу жайы;
  • Эс алуу жайы;
  • Инженердик-техникалык жай.

Бул долбоордун эң негизги объекттеринин бири болуп административдик - көргөзмө комплекси эсептелет. Ал өндүрүлгөн кездемелердин үлгүлөрүн, жабдууларды жана керектүү шаймандарды көргөзүүгө арналып, 130 миң чарчы метрди камтыйт.

Ошондой эле бул долбоор тигүүчүлөрдү даярдап чыгарган адистик окуу жай түзүүнү өзүнө камтыйт.

«SilkWay» жайынын резиденттерине керектүү шаймандар менен жабдалган 216 миң чарчы метр жай берилет.

Жумушчулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү каралууда. Атап айтканда: жатакана, тамактануучу жайлар жана коомдук-аминистративдик мекемелер. Ошондой эле коомдук жана жеке унаа токтотуучу жайларды түзүү каралган. Андан тышкары коноктор үчүн да жатакана куруу каралууда.

Ошондой эле бажы-логистикалык комплекс түзүлүп, баардык бажы кызматы ошол борбордо көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий