• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда Сирияда согушуп келген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда Сирияда согушуп келген жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жаткан 26 жаштагы Кыргызстандын Т.Н. аттуу жараны кармалган.

Ал Сирияда болуп, атайын даярдыкты көргөнү жана Сириядагы согуштарга катышканы аныкталган. Кийинчерээк ал, буйрук түшкөндө КМШ, Борбор Азиядагы мамлекеттердин биринде террордук иштерди жасоо максатында Сириядан чыгып кеткен.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө. Ал жаран камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий