• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда снукер боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 08.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 15-декабрда снукер боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында аталган спортун түрү боюнча башкы катчысы Шаирбек Маматокторов билдирди.

Анын айтымына караганда, чемпионатта кыргызстандын жана чет жактын жарандары катышат. “Снукер ойноону каалоочулардын саны көп, алар негизинен Индия, Пакистан жана Европа өлкөлөрүнөн келген студенттер. Ошондой элчиликтин өкүлдөрү да чемпионатка катыша тургандыктарын билдиришти”,-деди ал.

Ал кошумчалап кеткендей, жеңүүчүлөрдү көмөк көрсөткөн чет элдик демөөчүлөрдөн мыкты байгелер күтөт.

Пикир

Оставить комментарий