• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда снукер боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Кыргызстанда снукер боюнча Азия чемпионаты өтө. Бул тууралуу снукер кыргыз федерациясынын башкы катчысы Шайырбек Маматокторов билдирди.

Анын айтымында, Катардагы Эл арадык бильярд жана снукер федерациясынын 33-жыйынында Кыргызстанда алгачкы ирет снукер боюнча Азия чемпионатын өткөрүү чечимин кабыл алган.

“Тиешелүү сунуш Кыргызстан Өкмөтүнө кароого сунушталды, тактап айтканда, өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик спорт комитетине. Тараптар чемпионаттын регламентине кол коюшкан соң, бул иш чара ишке ашырылат. Чемпионаттын күнү 29-июндан 5-июлга чейин болжолдонууда”, - деп белгиледи Ш.Маматокторов.

Пикир

Оставить комментарий