• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРда соңку он жылда жашоо узактыгы 3 жылга өсүп, орточо 71 жылга жетти - Өмүрбекова

Өкмөт 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 20-ноябрда Дүйнөлүк балдар күнүн майрамдоонун алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүнө барып, балдардын жарык дүйнөгө келген учурдан тартып, укуктарын алдыга жылдырууга багытталган "Биринчи Демден" аттуу улуттук кампанияны ишке киргизүүгө катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Биринчи демден» компаниясынын алкагында республика боюнча Дүйнөлүк балдар күнүндө төрөлгөн эки миң ымыркай көк лентага байланган белек алышат. Көк лента бардык балдардын укугу бирдей деген символду түшүндүрөт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова иш чаранын жүрүшүндө азыркы учурда дүйнө жүзүндө энелердин жана балдардын саламаттыгына кам көрүү жана бардык өлкөлөрдө артыкчылыктуу милдет экендигин билдирди.

«Өсүп келе жаткан муун коомдун экономикалык жана социалдык туруктуулугунан көз каранды. Бул улуттун келечеги дегенди түшүндүрөт. Балдардын жашоо деңгээли өлкөнүн өнүгүү индикатору. Бул көрсөткүч бир гана саламаттыкты сактоо тармагынан гана эмес, башка жалпы тармактар менен биргеликте ишке ашат. Кыргызстанда соңку он жылда жашоо узактыгы 3 жылга өсүп, орточо 71 жылга жетти. Мындан тышкары Кыргызстанда акыркы он жылда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү 40% га жакын кыскарды. Аны менен бирге 2015-жылы Кыргыз Республикасы 24 өлкөнүн ичинде Миң жылдык өнүгүүнүн максаттары 4 программасында коюлган максаттарга жетишти», - деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2028-жылдарга Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча программасы үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, коомдук турмушта үй-бүлөнүн социалдык ролун жогорулатуу, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган.

«Биз үй-бүлө институтун бекемдөө, балдардын билим алууга жана саламаттык сактоого жеткиликтүүлүгүн, социалдык жана укуктук иш чараларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантабыз», - деп сөзүн жыйынтыктады вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Эске салсак, Дүйнөлүк балдар күнү дүйнө жүзүндө 1989-жылдын 20-ноябрында БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан Балдардын укуктары жөнүндөгү Конвенция кабыл алынгандан тартып белгилелип келет.

Пикир

Оставить комментарий