• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө - сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Жыл сайын Кыргызстанда 19-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленет. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2019-жыл социалдык башкаруу программасы жана милдеттүү социалдык камсыздоо чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны 5,7 миң адамды түзгөн.

Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык жактан коргоого анын ичинде Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттарга карата чыгымдардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда анын бардык чыгашаларынын 16 пайыздан 19 пайызга чейин туура келген.

Ал эми ушул беренеге багытталган каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйүп турган жана 2019-жылы 32 млрд ашык сомду түзгөн.

2019-жылы жалпысынан Социалдык фонддун чыгымдары (анын ичинде мамлекеттик бюджеттен келип түшүүлөрдүн эсебинен төлөмдөр) 2015-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн жана 53,5 млрд сомго жеткен. Алардын негизги көлөмү (85 пайызы) пенсияларды төлөөгө багытталган.

2019-жылдын аягына карата мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучулардын саны 402 миң адамды түзгөн. Мында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөк пул алуучулардын саны 309 миң адамды, башкача айтканда, 93 пайызды түзөт, ошону менен бирге социалдык жөлөк пул алуучулардын саны – 93 миң адам саналат.

2019-жылдын аягына карата Социалдык фонддун, башка министрликтердин жана ведомстволордун эсепке алуусунда турган пенсия алуучулардын саны 715 миң адамды түзгөн. Беш жылдын ичинде дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү 2015-жылы 4 896 сомдон, ал эми 2019-жылы 5 960 сомго чейин көбөйдү.

КМШ өлкөлөрүнүн арасында жаш курагы боюнча эмгек пенсиясынын эң көп өлчөмү Россияда (216 доллар) жана Казакстанда (201 доллар), ал эми эң аз – Тажикстанда (35 доллар) жана Өзбекстанда (80 доллар) болуп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий