• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын керектүү кору бар - Монополияга каршы агенттиги

Коом 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасы Кеңешбай Тайлаков коңшу Казакстандагы кырдаалга байланыштуу жумушчу жыйын өткөрүп, ага «Народный», «Глобус», «Фрунзе», «Ярмарка» соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү жана Кыргызстандын ун-сүт ишканалар бирикмесинин төрагасы катышты.

Мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү соода кампаларында социалдык маанилүү товарлардын керектүү кору бар экенин белгилешти. Өз кезегинде жеткирүүчүлөр менен эч кандай кечигүү жок экени айтылды.

"Ошентип, чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү социалдык багыттагы баа саясатын сактоону улантат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле КР ун-сүт ишканалар бирикмесинин төрагасы Рустам Жунушевдин айтымында, ассоциацияга кирген ишканаларда 2 айга дан жана ун кору бар.

"Мындан тышкары, түзүлгөн жеткирүү келишимдерине ылайык, 2022-жылдын январында Россия Федерациясынан 30-40 миң тонна эгин жеткирилет", - деп белгилешти мамлекеттик монополияга каршы агенттигинен.

Пикир

Оставить комментарий