• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарларга болгон баалар туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Учурда республикада социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, баалардын негизсиз секирүүлөрү жок.

Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, социалдык маанидеги товарлардын запасы жетиштүү, керектөөчүлөр тарабынан ажиотаж жок.

Социалдык маанидеги товарлардын рыноктору – бааларды мамлекеттик катуу жөнгө салууну камсыз кылбаган атаандаштык рыноктор. Кээ бир социалдык маанилүү товарлардын баасынын өсүшү жылына 20%ды түзөт. Бир айдын ичинде 3%дан ашпайт.

Баанын төмөндөшү өткөн жумада биринчи сорттогу унга катталды жана республика боюнча орточо эсеп менен килограммы 43 сомду түздү, кумшекерге, ошондой эле өсүмдүк майына, жашылча өсүмдүктөрүнө баанын төмөндөшү байкалууда. Андан тышкары, этке, жемге, буудайга, жумурткага, макаронго, сүткө, майга, нанга жана күрүчкө туруктуу баа сакталууда.

2022-жылдын 30-августуна салыштырмалуу бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майлардын айрым түрлөрүнө баа литрине 2,2 сомго арзандады.

Социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте жүргүзүлөт.

Социалдык маанидеги товарларга бааларды турукташтыруу үчүн төмөнкү механизмдер колдонулат:

- салыктык жеңилдиктер, атап айтканда, айрым товарларга КНСти нөлгө салуу;

- экспортту чектөө (тыюу);

- Мамлекеттик материалдык резервдин (интервенция) алкагында иш жүргүзүү;

- монополияга каршы аракеттенүү (алдын алуу чаралары, анын ичинде келишимдерди түзүү, бааларга мониторинг жүргүзүү жана рыноктун катышуучуларына сунуштарды иштеп чыгуу).

Жогорудагы механизмдердин бардыгы колдонулуп, алардын жардамы менен белгилүү натыйжаларга жетишилди.

Учурда Жогорку Кеңеште “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат, ал кабыл алынгандан кийин баанын айына 20%га жогорулашын күтпөстөн, социалдык маанидеги товарларга бааларды, ошондой эле үстөмдүк кылуучу субъектилери бар базарларда, башкача айтканда, кант, күйүүчү май, аба каттамдары, уюлдук байланыш жана башкаларга мамлекеттик жөнгө салууну колдонууга мүмкүндүк берет.

Монополияга каршы орган берген маалымат социалдык маанидеги товарларга бааны турукташтыруу жана керектөөчүлөрдү адаштырбоо боюнча органдын ишине баа берүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий