• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда соттук реформалар республикалык бюджеттен каржыланат

Президент 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Кыргызстанда соттук реформанын негизги каржы булагы республикалык бюджет болот. Бул тууралуу Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйынынын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал билдиргендей, бардык реформа бекер болбойт жана ал каражатты талап кылат, айрыкча жазык жаатында.

“Бюджеттен каражат бөлбөй туруп, биз бул реформаны жүргүзө албайбыз. Сырттан кимдир бирөө каражат берет деп күтпөш керек. Биздин реформа үчүн негизги каржы булагы болуп республикалык бюджет эсептелет”,-деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Андан тышкары, ал тиешелүү мамлекеттик органдардын бюджеттеринде кодекстерди колдонууга киргизүүгө зарыл болгон каражаттар камтылышы зарылдыгын түшүндүрдү. Бюджет жана соттук-укуктук реформа бирдей пландалып, каражаттар болсо натыйжалуу колдонулушу керек.

“Бул жерде донор уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат. Сиздерге да кайрылгым келип олтурат. Буга чейин да сот реформасын даярдоого жакшы колдоо көрсөттүӊүздөр. Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасына, Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына, Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын башкармалыгына, “Сорос-Кыргызстан” фондуна, Евросоюзга, ОБСЕге”,-деп ыраазычылык билдирип, келечекте да кызматташууга ишеним артты.

Пикир

Оставить комментарий