• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салгандардын саны азайды

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салгандардын саны азайды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын үч айынын ичинде 19 факты катталган. Ал 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 26,9%га аз. (2018-жылы бул көрсөткүч 26ны түзгөн). Өз жанын кыйган 19 өспүрүмдүн 15и эркек балдар, 4ү кыздар болгон.

“Жашы жете электер арасындагы өзүн-өзү өлтүрүү көйгөйү өтө актуалдуу маселе. Кээ бир учурда суициддердин алдын алууда өтө катуу чараларга барууга туура келет, мисалы 2019-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды көп кабаттуу батирден секирип, өз өмүрүн кыюудан сактап калды. Быйылкы жылдын үч айында милиция кызматкерлери мындай жагдайлардын 8 учурунда балдарды суицидге баруудан сактап калышты”, - деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле дайынсыз жоголгон жашы жете электерди издөө иштери жүргүзүлүүдө. 2019-жылдын 3 айында издөөдө жүргөн 70 өспүрүмдүн 68и табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Азыр 2 өспүрүм изделүүдө. Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерде, милиция кызматкерлери тарабынан алардын жашоо шарты да текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий