• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата улуттук өнөктүк башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата улуттук өнөктүк башталды. Бул тууралуу “СПИД” республикалык борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган улуттук өнөктүктүн алкагында жарандар “СПИД” кызматынын бардык структуралык бөлүмдөрүндө өздөрүнө жана жыныстык өнөктөштөрүнө илдетти шилекейден аныктаган экспресс-тесттерди акысыз жана купуя түрдө алып, өз алдынча тесттен өтө алышат. Мындан тышкары, ири гипермаркеттердеги базарларда анонимдүү тестирлөөдөн өтүп, акцияларга жана өнөктүктөргө катыша алышат.

Өлкөдө 2021-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө ВИЧке чалдыккан 10 328 учур катталган. Илдет негизинен жыныстык жол менен жугууда – бардык аныкталган учурлардын 51,9% түзөт. 2021-жылдын 9 айында Кыргызстанда 400 миңден ашуун адам ВИЧке текшерилген. ВИЧ менен ооруган 598 адам аныкталып, алардын 81,3% илдетти жыныстык жол менен жуктуруп алганы белгилүү болду. Өлкөдөгү ВИЧ илдетинин 45 пайызы СПИДдин акыркы баскычында, дарыгерлер эч жардам бере албай калган учурларда аныкталат.

“Эки жылдан бери коронавирустук пандемия доорунда жашап жатабыз, ал биздин жашообузду олуттуу түрдө өзгөрттү, дагы деле өзгөртүүдө. Тилекке каршы, акыркы эки жылда биз адамдардын көпчүлүгү “СПИД” кызматына илдеттин өнүгүшүнүн акыркы баскычында кайрылганына, ушундай өтө кооптуу көрүнүшкө күбө болуп жатабыз”, - дейт “СПИД” республикалык борборунун директору Үмүткан Чокморова.

Кыргызстан 2022-2026-жылдарга ВИЧ менен күрөшүүнүн алтынчы мамлекеттик программасын даярдап жатат. Өлкө 2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку деңгээлдеги Жыйынында кабыл алынган СПИД боюнча жаңы Саясий декларацияны колдоп добуш берген. СПИДди 2030-жылга чейин жок кылуу боюнча кабыл алынган милдеттенмелер ВИЧ жана СПИД көйгөйлөрүнө каршы күрөшүүдө өлкө жетекчилигинин чечкиндүүлүгүн жана кызыкдарлыгын көрсөтүп турат.

“Бул жылы биз ден соолук жөнүндө гана эмес, адамдардын өз саламаттыгы үчүн укуктары жана жоопкерчилиги тууралуу да сөз кылабыз. Баарыбызга белгилүү болгондой, ар ким ден соолукка укуктуу, ал эми бул укукту кантип колдонобуз – бул өзүбүздөн көз каранды. Биз ар бир адам ден соолугуна кам көрүп, ал үчүн жоопкерчилик алса дейбиз. Бүгүнкү күндө ВИЧ илдети өлүм жазасы эмес. Өлкөдө заманбап жана натыйжалуу дарылоо ыкмасы бар. Бирок ВИЧ-статусуңду өз убагында билүү үчүн тест тапшырыш керек. ВИЧти шилекейден аныктаган экспресс-тест каалаган медициналык мекемеде кеңири жеткиликтүү. Эгерде сиз өзүңүздүн ВИЧ-статусуңузду билгиңиз келсе, анда болгону ушул тестти алыш керек”,- деп түшүндүрдү “СПИД” республикалык борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов.

Белгилей кетсек, 40 жылдан бери ВИЧ дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да коомдук саламаттык сактоо системалары үчүн олуттуу коркунуч бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий