• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда тогуз айда 11 миң тонна балык өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанда балык былтыркыга караганда көбүрөөк өндүрүлдү. Бул тууралуу брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын аягында 10 миң 200 тонна балык өндүрүлгөн болсо, быйылкы жылдын 9 айында 11 миң тонна балык өндүрүлгөн. Министр жыл аягына чейин көрсөткүчтөр өсүп, былтыркыдан бир топ айырмаланарын белгиледи.

"Буга жараша балык чарбаларынын саны 194төн 258ге көбөйдү. Бизде балык чарбачылыгын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жана потенциалыбыз бар", - деди Жаныбеков.

Пикир

Оставить комментарий