• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы алты айда 22 өзгөчө кырдаал катталып, 54 адам каза богон

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын I жарым жылдыгында өлкө аймагында 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 54 адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйында министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, өгөчө кырдаалдардын кесепетинен келтирилген чыгым 1 млрд 340 млн 938 миң сомду түзгөн.

“2021-жылдын 6 ай ичинде Кыргызтандын аймагында 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 54 адам каза болгон, келтирилген материалдык чыгым 1 млрд 340 млн 938 миң сомду түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда өзгөчө кырдаалдардын саны бирдей болуп, каза болгон адамдардын саны 43% азайган, ал эми материалдык чыгым 5 эсе көбөйгөн”,-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий