• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда үстөл үстүндөгү оюндардын сериясы чыгарылат

Коом 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда үстөл үстүндөгү оюндардын сериясын чыгарышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн үстөл үстүндөгү көк бөрү оюнунун бет ачарында “Авеста тренинг” евразиялык жумушчу кеңешинин өкүлү Дмитрий Лысенко билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнү бириктирүү боюнча “Манас” үстөл үстүндөгү оюну иштелип чыгуу баскычында.

Кыргызстанды бириктирүү боюнча “Манас” оюнунда тарыхый аймактарга бөлүнгөн өлкөнүн картасы бар. Ал жакта бөлүнгөн аймактардан бир мамлекет жасоо үчүн өлкөнү кантип бириктирүү, башкалар менен кантип жолугуу керектиги тууралуу жолдор жана эрежелер коюлган”, - деди Лысенко.

Ошондой эле ал кийинки үстөл үстүндөгү оюн “Жибек жолу” экенин билдирди.

“Анын картасында Кытай, Кыргызстан, Казакстан жана башка мамлекеттер болот. Бул оюнда бардык өлкөлөрдү басып өтүү үчүн каракчылар менен окуялар, тоскоолдуктар жана монополиянын элементтери бар. Себеби Жибек жолу – бул соода”, - деди Лысенко.

Долбоордун авторлору белгилешкендей, учурда сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин тобу иштешүүдө. Алардын ар бири өздөрүнүн вариантын сунушташып, арасынан эң ылайыктуусу тандалып алынат.

Пикир

Оставить комментарий