• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда статистика боюнча 200 миңден ашуун жаран турак жайга муктаж

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда статистикага ылайык азыркы учурда 200 миңден ашуун жаран турак жайга муктаж. Бул тууралуу “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы “Менин үйүм 2021-2026” жаңы турак жай программасы кабыл алынган.

“Аталган программа эки багыт боюнча ишке ашырылууда: “Жеңилдетилген ипотека” – бул 4% менен бюджеттик чөйрөдө иштеген кызматкерлерге берилет, ал эми “Жеткиликтүү ипотека” – бул калган бардык категориядагы жарандарга 8% менен берилет. Ошондой ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылды”, - деди Жеембаев.

Ал ошондой эле МИК ипотекалык кредиттөө секторуна финансылык ресурстарды, чет элдик инвесторлордун жана эл аралык донорлордун каражаттарын, анын ичинде ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу тартуунун узак мөөнөттүү механизмин түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий