• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда стекинг спортунун Федерациясы ачылды – ал эмне деген оюн?

Спорт 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарында стекинг спорту менен тааныштыруу боюнча иш-чара болуп өттү.

Бул оюн интеллектуалдык жөндөмдөрдү жогорулатары айтылат.

Иш-чарада уюштуруучулар келген конокторго стекинг тууралуу маалымат берип, коноктор үчүн жарыш уюштурушту.

Дүйнөлүк спорт стекинг ассоциациясынын (WSSA) өкүлү Ларри Жорстун айтымында, оюндун максаты - болушунча аз убакыттын ичинде атайын желим чөйчөкчөлөрдү белгилүү бир тартип жана комбинация боюнча тизүү.

Кыргызстанда бул спорт түрү боюнча биринчи мелдеш келерки жылы январь айында өтөт. Анын баш байгеси 10 миң долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий