• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда «Стимул» спорттук сериалынын жабык көрсөтүүсү өттү

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. 23-январда Коомдук телерадиокорпорациясында (КТРК) «Стимул» сериалынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү, - деп билдирет Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чарага аталган агенттиктин директору Канат Шабданбаев катышты.

«Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик КТРК Спорт телеканалы менен канал түптөлгөн учурдан бери тыгыз иш алып барат. Эки тараптык кызматташуунун негизинде көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашырып, дени сак жашоо образын, спортту калктын кеңири катмарларына жайылтуу боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Ал эми бүгүн кыргыз спортунун тарыхында өтө маанилүү окуялардын бирине күбө болуп отурабыз. «Стимул» сериалы ата мекендик спортту чагылдырган алгачкы телесериал болду. Сериал көгүлтүр экрандын алдында миңдеген көрармандары чогултуп, жаш жеткинчектерден тарта улуу муунга чейинки кыргызстандыктардын жүрөгүндө спортко болгон кызыгууну жандандырат деп терең ишенем. Телсериалды даярдап иштеген эмгек жамаатка чоң ыраазычылык билдирем! Сиздерге ийгилик, арыбас мээнет жана жаңы бийиктиктерди багындырууну каалайм», – деди өз сөзүндө Шабданбаев.

Көрсөтүү аяктагандан кийин долбоордун чыгармачыл тобу, сериалга тартылган машыктыруучулар жана спортчулар Мамагенттиктин ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, «Стимул» сериалы атайын чыгармачыл тобу менен тартылган биринчи спорттук сериал. Сериалдын автору жана режиссеру Темирлан Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий