• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда сугат сууга болгон тариф жогорулатылбай турган болду

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы келечекте сугат сууга болгон тарифти жогорулатуу планда жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди.

Анын айтымында, дыйкандарга түздөн-түз суу берүүнү Суу ресурстары кызматы пландаштырууда.

“Бүгүнкү күндө кызмат сууну ички чарбалык каналдарга чейин жеткирет, ал эми фермерлерге бөлүштүрүү Суу пайдалануучулар ассоциациялары тарабынан жүргүзүлүүдө. Сугат суу фермерлерге СПАнын тарифтери боюнча куб метрине 3 тыйындан берилет. Ассоциациядан фермерлерге чейин жеткирүү тарифи куб метрине 5-30 тыйынды түзөт”, - дейт а.

Пикир

Оставить комментарий