• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сугатка суу берүү планы 88 пайызга аткарылды

Коом 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда сугатка суу берүү планы 88 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, сугатка суу берүү иштери планга ылайык өз нугунда жүргүзүлүүдө.

Алсак, 27-июнга карата республика боюнча сугатка суу берүү планда 2583, 4 млн м3 каралса, иш жүзүндө 2261,1 млн м3 сугат суу берилип, план 88 пайызга аткарылды.

Ал эми бардык сугарылган аянт планда 1 миң 719 гектар деп каралса, иш жүзүндө 1 миң 445 га аянты сугарылып, план 85 пайызга аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий