• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда сугаттын бардык түрлөрү аяктады

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда күн мурун, 5-декабрда сугаттын бардык түрлөрү аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башчысы Алмазбек Сокеев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2022-жылы суу менен дээрлик 3510,7 миң гектар, же 96% аянт сугарылды.

Сокеев кошумчалагандай, ушул жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 490 суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) катталган, ал эми суу пайдалануучулар ассоциациялары сугаруучу аянт 755 миң 81 гектар, же сугат аянтынын 74 пайызын түздү.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-декабрына карата Баткен облусунда дагы бир СПА катталды.

Пикир

Оставить комментарий