• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 1 миң 52 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 1 миң 52 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 393 киши, Ош шаарында – 136, Чүй облусунда – 87, Ош облусунда – 84, Талас облусунда – 63, Нарын облусунда – 33, Ысык-Көл облусунда – 75, Жалал-Абад облусунда – 103, Баткен облусунда 78 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 25 миң 526га жетти.

Пикир

Оставить комментарий