• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Аммосов көчөсүндө жалпы аянты 250 чарчы метр контейнерден курулган эки кабаттуу тигүү цехинин экинчи кабатында жыгач устундар, биринчи кабатында гипсокартон менен капталган жасалгасы, ДВП шыбы, эки кабаттуу керебеттер, кийим тигүүчү машиналар, кездемелер, матрастар күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 4 жаштагы А.А. аттуу кыз каза болгон.

Ал эми Манас проспектисиндеги он кабаттуу “Новотель” мейманканасынын түштүк-чыгыш тарабында 50 чарчы метр суу кетүүчү түтүкчөсүнүн электр зымдары күйгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шералы айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 84 чарчы метр чатыры жана Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий