• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Токмок шаарында турак үйдүн короосунда жайгашкан мончонун 20 чарчы метр ички бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн шаарында жайгашкан жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн 560 чарчы метр чатыры толугу менен жана 64 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүгөн келип чыккан.

Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылында аянты 5 чарчы метр болгон турак үйдүн бөлмөсүнүн полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий