• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 100 адамдан COVID-19 табылып, 62си айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 100 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 45, Чүй облусунда - 46, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 36, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 23 жана Нарын облусунда – 1 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон жарандар катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 505 бейтап, амбулатордук түрдө 446 адам дарыланууда.

Сайтта көрсөтүлгөндөй, бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 229 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 196 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 858 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 469 киши айыгып чыкса, 1 миң 494 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий