• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 103 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 103 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда - 7, Ош облусунда – 36, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда – 13 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 521ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий