• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 104 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 104 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 68, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда –2, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 24 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 682ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий