• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 106 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 106 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 61, Чүй облусунда - 40, Ош шаарында – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 2 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 30, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 25 жана Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 2 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 508 бейтап, амбулатордук түрдө 406 адам дарыланууда.

Сайтта көрсөтүлгөндөй, бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 224 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 196 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 758 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 407 киши айыгып чыкса, 1 миң 494 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий