• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 11 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 11 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир, Ош шаарында 7, Нарын облусунда бир медкызматкер илдетке кабылган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 6-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1974 учур катталды. Алардын ичинен 389у медицина кызматкери. Илдеттен 1360 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий