• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Маданият айылында турак үйдүн 20 чарчы метр жер төлөөсү жана тетиктер күйгөн.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Айбек базарында жайгашкан жүн тытуучу цехтин шифер менен жабылган 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Сокулуктун Фрунзе айылында ачык аянтта темир контейнер үйү толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий