• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 1, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 2, Ош облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 3 өрт кырсыгы катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий