• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каратай айылында турак үйдүн 24 чарчы метр эки бөлмөлүү ашканасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында жалпы аянты 24 чарчы метр болгон турак үйдүн жыгач полу жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий