• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Адыр айылында жалпы аянты 99 чарчы метр сарай толугу менен 100 кг жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган эки кабатуу сарайдын 65 чарчы метри жана 100 даана түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий