• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 118 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 118 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 8, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда - 4, Ош облусунда – 51, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 24 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 879га жетти.

Пикир

Оставить комментарий