• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 116га жетти.

"Алардын ичинен Бишкек шаарында 7, Ош облусунда 4 (Ноокат районунда 3, Өзгөн районунда 1), Ош шаарында бир медкызматкер илдетти жуктуруп алды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 489 кишиге жетти. Алардын ичинен 116сы медицина кызматкери. Коронавирустан 114 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий