• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 12 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 12 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 6, Ош облусунда 1 медкызматкер илдетке кабылган.

“Ал эми сутка ичинде 3 медкызматкер стационардан айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 362 учур катталды, алардын ичинен 252 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1817 учур катталды. Алардын ичинен 362си медицина кызматкери. Илдеттен 1181 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий