• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Токмок шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн чатыры, унаа токтотуучу жайдын ичинде буюмдар, ошодой эле жакын жайгашкан турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн жалпы аянтты 116 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Айкөл жаңы конушунда жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 5 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Каджы-Сай айылында оорукананын иштебеген эски имараттынын 1 чарчы метр полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы, Тельман айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры, 85 түк чөп жана 70 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий