• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жалпы аянты 40 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн.

Жалал-Абаддын Сузак районунун Жар-Кыштак айылында жалпы аянты 200 чарчы метр курулуп жаткан турак үй, бир бодо мал, 425 түк чөп, 200 боо пахта сабагы жана 100 кг пахтанын күн жарасы (жмых) күйгөн.

Ал эми Сузак айылында шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры, эки бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий