• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Ысык-Көл 5 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда турак үйдүн бөлмөсүнүн 3 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарынын Достук кичирайонунда турак үйдүн морунун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылында жолдун боюнда Mercedes-Benz 190 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий