• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 124 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 124 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 77, Чүй облусунда – 43, Нарын облусунда – 3, Ош облусунда – 3 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 117 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 60, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 8, Баткен облусунда – 2 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир, Чүйдө бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 662 бейтап, амбулатордук түрдө 763 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 274 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 211 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 388 киши айыгып чыкса, 1 миң 509 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий