• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 127 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 127 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 20, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда - 7, Ош облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда – 41 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 522 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий