• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Мурас-Ордо конушунда жайгашкан үй өрттөнүп кеткен. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу бастырманын 50 чарчы метр чатыры, 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Энесай конушунда жайгашкан үйдүн 60 чарчы метр ашканасы жана вагон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Үнкүр тилкесинде жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу мал сарайдын 75 чарчы метр чатыры, 2 тонна эндей чөп, 150 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий