• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 14 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 14 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда 12 медкызматкер илдет жуктурган.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 344 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1722 учур катталды. Алардын ичинен 344ү медицина кызматкери. Илдеттен 1113 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий