• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Кыргызстанда сутка ичинде 140 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 44 миң 97

COVID - 19 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 140 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 13, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда - 13, Ош облусунда – 41, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда – 20 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 97 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий